Бишкекте 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук тыйын чыгарылды

Бишкекте жаңы келген медициналык жабдыктын жардамы менен 8 жаштагы баланын ашказанынан тыйын чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы эндоскоптун жардамы менен ишке ашырылды. Дарыгерлер 2017-жылы төрөлгөн баланын ашказанынан 10 сомдук тыйынды эндоскопиялык жол менен алуу операциясын ийгиликтүү жүргүзүштү.

Айта кетсек, эки күн мурун УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдык тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан