Казакстандан Ысык-Көлгө убактылуу жаңы жол ачылды

Казакстанда Карасу – Масанчи – Сортөбе жолунда оңдоо иштери болуп жатканына байланыштуу Алматыдан Ысык-Көлгө келе турган автоунаалар үчүн убактылуу жаңы маршрут ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жаңы жол Карасу айылынан Отеген Батыр кыштагына чейин республикалык жол менен, андан ары "Аухатты" же "Сортөбе" чек ара бекети аркылуу Кыргызстанга өтөт.

Мындан сырткары, Алматыдан Чолпон-Ата шаарына барчу кыска жол долбоору көп жылдан бери талкууланып келет. Жаңы маршрут Узынагаш жана Кичи-Кемин аркылуу өтүп, болжол менен 70–80 чакырым болору күтүлүүдө. Анын 6 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт.

2024-жылдын июнунда Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү бул жолду чогуу куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап баштаган. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында, жеке инвесторлорду тартуу менен ишке ашыруу каралууда.

Кыргызстандын Транспорт министрлигинин расмий маалыматына ылайык, учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда. Бул ишке Азия өнүктүрүү банкы грант бөлгөн.

Негиздеме даяр болгондон кийин жолду куруунун максатка ылайыктуулугу аныкталат. Азырынча эки өлкө юридикалык маселелерди жана кызматташуу механизмдерин караштырып жаткандыгы маалыматта белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан