Бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөр менен аттестаттар 30-июнда тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
"2025-жылдын 30-июнунда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтер – негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Документтерди тапшыруу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ар бир билим берүү мекемесинин жетекчисинин жеке жоопкерчилигинде болот.
Эске салсак, 2024-2025-окуу жылында 9-классты 134 681 бүтүрүүчү, 11-классты 80 540 бүтүрүүчү аяктап жатат.