Жайыл районунда жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткендер изделүүдө

Милицияга Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынын 20 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ал  үйүнүн короосуна белгисиз адамдар жаңы төрөлгөн наристени таштап кеткенин айткан. 
Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайрылган кыз 10-январь күнү саат 23:00дөр чамасында үйүнүн короосунан наристени таап алгандыгын билдирген. 

Дарыгерлер  3 айлык кыздын ден соолугу жакшы экендигин аныкташкан. Азыркы тапта наристе аймактык бейтапканада көзөмөлдөнүүдө жана милиция кызматкерлери анын апасын табуу аракетин көрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uson.abdullov
2014-01-13 18:48:57
таштап кеткен эне демек каалабайт баланы.тырмака зар болгондорго берип койушсун да.
0
Gulzhan
2014-01-13 19:18:30
9 ай которуп,кыйналып толготуп,бул дуйного алып келгенден кийин,болгон бардык кыйынчылыкка чыдап бакса болмок экен.Эне болгон кандай зор бакыт.3 айлык болгондо таштабай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан