Талкуу жараткан блогердин көйнөгү: Кимдерге сөгүш берилди? 

III Бишкек эл аралык кинофестивалына блогер Жанара Осмоналиеванын кийип барган көйнөгү талкуу жаратты. Окуя боюнча Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти билдирүү таратты.

"Кинематография департаменти тарабынан Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү, кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана тиешелүү кызматкерлерге кызматтык сөгүш берилди. Кинематография департаменти маданиятка каршы багытталган аракеттерди колдобойт жана кабылдабагандыгын билдирет",- деп айтылат анда.

Фестиваль кечээ, 11-июнда башталган, 15-июнга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан