Үйүнө кирип аялды бычактаган... Шектүү кармалды 

Түштүк Кореяда аялды бычактап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу The Korea Herald басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Тэгу шаарында болгон. Шектүү адам аялдын үйүнө байкоочу камерага түшүп калбайын деп суу чыккан түтүктөр аркылуу кирген.

Жабырлануучу эртең менен табылып ооруканага жеткирилген, бирок бир сааттан кийин каза болгон.

"Буга чейин дагы шектүү аялды өлтүрүүгө аракет кылган. Ал аялды бычак менен коркуткан соң жабырлануучу милициянын коргоосуна алынган. Алар анын үйүнүн алдына адамдын жүзүн таануучу камера орнотушкан. Милиция сот аркылуу адамды камакка алууну талап кылган, бирок алардын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Укук коргоо кызматкерлеринин аракетине карабай кылмышкер аялды өлтүргөн. Бул окуя полиция кызматкерлерине карата сындарды жаратты, анткени алар кол салуу тууралуу камера аркылуу эмес, аялдын үй-бүлөсүнөн билишкен",- деп кошумчаланды маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан