Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын 14-пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Бүгүнкү жыйын боордош элдердин саясий байланышын гана чыңдабастан, руханий, маданий, экономикалык жактан да жакындашуусуна өбөлгө түзүшү керек. Анткени, ушундай жолугушуулар аркылуу биз мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашып, биргелешкен демилгелерди ишке ашыра алабыз”,- деди төрага.
Ошондой эле ал парламенттик деңгээлде чечилиши керек болгон маселелер арбын экенине токтолду.
“Аймактык бүтүндүктү бекемдөө, миграциялык процесстерди жөнгө салуу, жаштар саясатын өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүн алдын алуу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, маданий мурастарды коргоо өңдүү жагдайлар боюнча тыгыз кызматташуубуз кажет. Анткени биз өзөгү бир, тарыхый жана маданий байланышы терең бир тууган элбиз. “Тамыры бирдин тагдыры бир” - дегендей, кандай маселе болбосун биргелешип иш алып барганда гана ийгиликке жетише алабыз”,- деди ал.
Белгилей кетсек, жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Түркиянын, Азербайжандын жана Өзбекстандын парламент жетекчилери катышты.