Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгилге карата эс алуу жайлары жана жалпы билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилүүдө. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 12-июнда билдирди.
Анда ӨКМ кызматкерлери эс алуу жайларындагы алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар жана суу гидранттарынын абалын текшерип жатышат.
Бул иш-чара жайкы туристтик мезгилде жарандар көп топтолгон жерлерде жана билим берүү мекемелеринде өрт кырсыктарынын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.