Индияда Ахмедабад шаарындагы учак кырсыгынан кеминде 133 адам каза болду. Бул тууралуу News18 телеканалы билдирди.
"Air India авиакомпаниясынын учагы Ахмедабад аэропортуна жакын жерде кулап, кеминде 133 адам каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүн, 12-июнда Ахмедабаддан Лондонго учуп бараткан AirIndia Boeing 787 Dreamliner учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.
Air India учакта 242 адам болгонун билдирди. Алардын 169у Индиянын, 53ү Британиянын, Канаданын 1, Португалиянын 7 жараны болгон.