Социалисттик Эмгектин Баатыры наамынын ээси Күлсара Сулайманова 95 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Ал 1930-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилова районунун Каптал-Арык айылында төрөлгөн.
Күлсара Сулайманованын ысымы Кыргызстандын айыл чарбасы менен тыгыз байланыштуу. Ал кызылча талаасында 44 жыл үзүрлүү эмгектенген. 1944-жылы 14 жашында эле ошол кездеги Кыргыз ССРинин Калинин районундагы И.Панфилов атындагы колхоздо иштей баштаган. 1956-жылы кант кызылчасы боюнча бригаданын звено башчысы болуп дайындалып, беш жылдык планды ашыгы менен аткарып, жалпы республикага таанымал болгон. 1965-жылы кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууда жетишкен ийгиликтери үчүн К.Сулайманова Ленин ордени жана “Орок жана балка” алтын медалы менен сыйланып, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыктуу болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийин 17 жашында турмуш куруп, 12 балалуу болуп, “Баатыр эне” алтын жылдызы менен сыйланган.
СССР Жогорку Советинин VII жана VIII чакырылышына Кыргыз ССРинен эки жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын XIV жана XXV съездеринин делегаты болгон.
Айыл чарбасында көрсөткөн жетишкендиктери үчүн 1976-жылы "Октябрь Революциясы" ордени жана "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган.
1994-жылы сый-урмат көрсөтүү менен Кыргызстан элдеринин биринчи курултайын ачуу К.Сулаймановага ыйгарылган. 2000-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.
Өлкөнүн айыл чарба тармагына кошкон салымы үчүн Күлсара Сулайманованын ысымы “Эмгек даңкы” китебине киргизилген. Көзүнүн тирүүсүндө эле Панфилов районуна айкели орнотулуп, музейи уюштурулган, көчөгө ысымы берилген.
Өлкөнүн айыл чарбасына бараандуу салым кошкон Күлсара Сулайманованын жаркын элесин кыргыз эли эч качан унутпайт.
С.Н. Жапаров, Н. Тургунбек уулу, А.А. Касымалиев, М.М. Иманкулов, Н.А. Азыгалиев, Н.Ө. Сыдыгалиев, Ж.Э. Садырбаева, Д.Ж. Амангелдиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Төрөбаев, Э.Ж. Байсалов, А.С. Кадыралиев, Т.А. Акматов, Ж.К. Керималиев, Ж.А. Акималиев, Э.У. Узакбаев, А.В. Костюк, Э.С. Кыдыкманов жана башкалар.