Индияда кыйраган учактан эки адам аман калганы айтылууда

Индиянын полициясы Ахмедабад аэропортуна жакын жерде Air India Boeing 787 учагы кулаган жерден аман калган эки адамды тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, алардын бири учактын салонунан табылып, ооруканага жеткирилген. Анын абалы тууралуу маалымат айтылган эмес. Экинчиси ооруканадан табылып, ал дарыланууда.

Айта кетсек, бүгүн, 12-июнда Ахмедабаддан Лондонго учуп бараткан AirIndia Boeing 787 Dreamliner учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.

"Air India" учакта 242 адам болгонун кабарлады. Алардын 169у Индиянын, 53ү Британиянын, 1и Канаданын, 7си Португалиянын жарандары болгон.

Ахмедабаддын полиция комиссары Гьянендра Сингх Малик учак кырсыгынан каза болгондордун саны тууралуу эч нерсе айта албастыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан