ТИМ Индиядагы учак кырсыгы тууралуу билдирүү таратты

Индиянын Ахмедабад шаарына жакын жерде катталган учак кырсыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Boeing 787 жүргүнчү учагынын бортунда 242 жүргүнчү болгон.

"Алдын ала маалыматтарга карата, жүргүнчүлөрдүн арасында кыргыз жарандары болгон эмес. Ошондой эле учак кырсыгынан кийин кыргыз жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн эмес", - деп билдирди ТИМ.

Кыргыздын Индиядагы элчилиги кырдаалды көзөмөлдөө максатында Индиянын тийиштүү органдары менен байланышта болууда.

Белгилей кетсек, учактын ичинде жалпы 242 жүргүнчү болгон. Алардын 169у Индиянын, 53ү Британиянын, Канаданын 1, Португалиянын 7 жараны болгон. Алдын ала маалыматтарда 200дөн ашуун адам каза болгону айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан