Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп Адилет Токтогазиев дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлайт.
Билдирүүгө караганда, жаңы жетекчини жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
Адилет Токтогазиев 1971-жылы 8-июнда Нарын облусунда төрөлгөн.
1981-1989-жылдары Фрунзе шаарындагы хореографиялык окуу жайда окуп, балет артисти адистигин алган. Андан соң 1989-1995-жылдары Москва мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп, балетмейстер-педагог квалификациясын алган.
Ал АКШдагы “Carnival Cruise Lines” компаниясында хореограф жана бийчи болуп иштеген. Москва шаарындагы Наталия Сац атындагы театрда балет солисти болгон. Ошондой эле Кыргызстандын Паралимпиадалык спорттук бий федерациясында башкы машыктыруучу (тренер) болуп эмгектенген.
Чыгармачылык ишмердүүлүгүндө 30дан ашуун бий койгон, алардын катарында кыргыз улуттук, заманбап, инклюзив жана классикалык бийлер бар. Москва, Санкт-Петербург, АКШ жана башка өлкөлөрдө эл аралык деңгээлдеги белгилүү шоулорго катышкан.
2017-жылдан бери К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда хореография режиссурасы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келген.