Чүйдө мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга 100 миң сом айып салынды

Чүй ЖКККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 10-июндан 14-июнга чейин облус аймагында мыйзамсыз соода-сатык менен алектенген жарандарга карата рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Башкармалыктан билдиргендей, жол жээгинде күйүүчү май саткан жарандарга Укук бузуу кодексинин 179-беренесине ылайык 3000 сомдон айып пул салынып, жалпы 100 миң сомду түздү.

Мындан тышкары 1 тонна күйүүчү май алынып, тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилди.

Жол милициясы мыйзамсыз соода-сатык, күйүүчү май сатууга болбой турганын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан