Индияда кулаган учактан аман калган жаран кырсык тууралуу айтты 

Индияда кыйраган Боинг учагынан аман калган адам теги индиялык Улуу Британиянын жараны. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жарыялады.

Маалым болгондой, 40 жаштагы Рамеш Вишвашкумар учактын алдыңкы жагына отурган.

Анын айтымында, учак абага көтөрүлгөндөн 30 секунддан кийин катуу үн чыгып, учак кулап түшкөн.

"Качан көзүмдү ачканда жан-жагымдан жансыз денелерди көрдүм",- деген ал.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык болгон жерден 204 адамдын сөөгү табылып, куткаруу жана издөө иштери уланууда.

Кечээ, 12-июнда Ахмедабаддан Лондонго учуп чыккан Air India Boeing 787 Dreamliner учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулап түшкөн.

"Air India" учакта 242 адам болгонун кабарлады. Алардын 169у Индиянын, 53ү Британиянын, 1и Канаданын, 7си Португалиянын жарандары болгон.

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учак кырсыгында каза болгон жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары болбогонун билдирди.

13.06.25
Учак кырсыкка кабылган учуру видеого түшүп калган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан