Трамп Орусия менен Украинага нааразы болду 

АКШ президенти Дональд Трамп 12-июнда журналисттерге Орусия менен Украинага нааразы болгондугун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Мен Орусияга жана Украинага абдан нааразы болуп калдым. Тынчтык келишимин түзүшсө болмок",- деди Трамп.

Анын айтымында, Орусия менен Украина жума сайын беш-алты миң жаранын жоготуп жатат, негизинен аскерлерин, алардын арасында жөнөкөй тургундар дагы жабыркап жатышат.

"Бүгүн тирүү каласызбы же жокпу, белгисиз. Үйүңүздө отурсаңыз эле түндө сиз жашаган батирге ракета келип тийсе. Мындай жашаган жийиркеничтүү жана коркунучтуу болсо керек. АКШ Индия менен Пакистандын ортосундагы жаңжалда эң сонун кырдаалдан чыккан жана Израил боюнча да абалдан чыккан. 2020-жылдан кийин президенттик кызматты мен аркалаганда согуштардын бири да башталбайт эле",- деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан