Франциянын жээгинде, Жер Ортолук деңизинде XVI кылымда чөгүп кеткен кеме табылды. Бул тууралуу Franceinfo радиостанциясы билдирди.
Кеме Раматюэль жээгинен 2,5 чакырымды түзгөн рекорддук тереңдикте табылган. Анын узундугу 30 метр, туурасы 7 метр болгон. Кеменин ичинен керамикалык буюмдар, кумган, казан, коргонуу кийимдери табылган.
Кеменин сыныктарын француз аскер кызматкерлери март айында машыгуу учурунда кокустан таап алышкан. Бирок бул маалымат 12-июнда жарыяланды.
Болжол менен кеме Италиядан келе жаткан, бирок кайда бара жатканы белгисиз. Жакында казуу иштери башталып, изилдөөчүлөр кеменин чөккөн жагдайларын жана анын тарыхын да изилдешет.