Кечээ, 12-июнда Ала-Бука айылында Ызар аймактык милиция бөлүмүнүн жаңы заманбап имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалым болгондой, ачылышка ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов, район акиминин орун басары Жанарбек Токтогулов, милиция кызматкерлери жана ардагерлер катышты.
"Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берип, кызматтык ишти уюштурууга жана жарандарды кабыл алууга керектүү шарттар менен жабдылган. Ыңгайлуу шарттарды түзүү милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт",- деп берилет маалыматта.