Кечээ, 12-январда Лос-Анжелесте 71-ирет уюшулган “Алтын глобус” сыйлыгы кино жаатында жана теле тармагындагы эмгектердин ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул күнү бедели боюнча “Оскар” сыйлыгынан кийинки баскычта турган бул сыйлык кино жаатында 15 эмгек ээлерине жана 11 теледеги эмгек ээлерине тапшырылды. Жеңүүчүлөр жүздөгөн чет элдик журналисттердин добушунун негизинде аныкталды.