Барскоон — Каракол автожолун жаңылоо иши башталды

Бүгүн, 13-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон — Каракол автожолун реконструкциялоого старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана Жети-Өгүз районунун акими, жергиликтүү тургундар катышты.
"Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө дээрлик 365 чакырымды түзгөн тилкесинин каржы булактары аныкталып, 333 чакырымында реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бул долбоордук тилкени каржылоо маселеси чечилип, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганы турат. II техникалык категорияга ылайык иштелип чыгып, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле, тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо, лотокторду куруу жана калктуу конуштарда көчөлөрдү жарыктандыруу каралган",- деп айтылат маалыматта.
Башкы иш аткаруучу катары Борбор Азияда жана башка көптөгөн мамлекеттерде ири жолдорду жана көпүрөлөрдү куруп келген Кытайдын “Чайна Роуд” компаниясы тандалганы айтылды.
Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырымындагы, узундугу 75 чакырым болгон тилке жаңыланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан