Ысык-Көлдө үч айылда жаңы милиция бөлүмдөрүнүн курулушу башталды

Бүгүн, 13-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга, Ырдык жана Жети-Өгүз айылдарында заманбап талаптарга жооп берген жаңы милиция бөлүмдөрүнүн курулушу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Иш-чарага Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Мурат Боронов, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахамадинов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери катышты.
Боронов жаңы имараттар заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, кызматкерлер үчүн бардык шарттар, анын ичинде турак жай маселеси да эске алынганын айтты. Долбоор Ички иштер министрлигинин сервистик моделге өтүү саясатынын алкагында ишке ашырылып жатканы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан