Asman Airlines компаниясы Бишкек-Раззаков каттамынын санын көбөйттү. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми Бишкек шаарынан Раззаков шаарына учактар аптасына 6 жолу учушат. Бейшемби күнү гана каттам болбойт.
Билеттин баасы 3600 сомдон башталат.
Билеттерди asmanairlines.kg тиркемесинен сатып алууга болот.