Израилдин Ирандагы түнкү аба соккусунан кийин, Ирандын Кум шаарында жайгашкан ыйык Жамкаран мечитинин күмбөзүнө өч алуунун символу катары кызыл туу көтөрүлдү. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кызыл туу Тегерандын Израилге жооп кайтарууга даяр экенин билдирет. Бул символ Иранда согуш же өч алуу ниетин көрсөткөн олуттуу белги болуп саналат.
Буга чейин кызыл туу 2024-жылдын сентябрында Тегеранда ХАМАСтын саясий жетекчиси Исмаил Хания өлтүрүлгөндөн кийин дагы көтөрүлгөн.
Ошол эле учурда Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырууну суранып, Израилдин аракеттерин эл аралык деңгээлде айыптоону көздөп жатат.