Бишкектин Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү.
"Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылды. Тилсиз жоонун кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы жакшы",- деп айтылат маалыматта.