Жети-Өгүз районундагы 1,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды 

Жети-Өгүз районундагы 1,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

УКМКнын берген маалыматы боюнча, 2007-жылы Кичи-Жаргылчак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги 1,4 гектар жерди жеке менчикке, алма багы отургузулду деген шылтоо менен өткөрүп беришкени аныкталды. Бирок жеке менчикке өткөн учурда жана ушул күнгө чейин бул жер тилкесинде аны өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча эч кандай иш жүргүзүлбөгөндүгү белгилүү болду.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнгөн менчик ээси аталган айыл өкмөтүнүн балансына жерди өз ыктыяры менен кайтарып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан