Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.
"Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Израиль 13-июнга караган түнү Ирандын ядролук программасына тиешелүү объекттерге сокку урганын жарыялады. Анда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Саламинин өлгөнү маалымдалды. Израилдин Коргоо күчтөрү билдиргендей, Иран жооп иретинде Израилге 150 дрон учурду. Израилде өзгөчө абал режими жарыяланды.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израиль сокку үчүн сөзсүз "жооп бере турганын" айтты.