Ошто турак үйдөн өрт чыгып, бир аял каза болду (видео)

Бүгүн, 13-июнда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында барак тибиндеги турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт саат 02:45те курчоого алынып, 14:10до толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 63 жаштагы аял каза болду. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Кырсык болгон үй 10 бөлмөлүү болуп, анда учурда 6 үй-бүлө — жалпы 23 адам жашап келген.
Өрттүн жалпы аянты 348,2 чарчы метрди түздү. Коңшу жайгашкан эки турак үй өрттөн сакталып калды.
Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары К.Айтибаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Мусаев жабыркагандардан кабар алышты.
Ошто турак үй өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан