Экс-депутат Абдыкапар Султанов дүйнөдөн өттү (некролог)

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, өнөр жай тармагына эмгек сиңирген ишмер Абдыкапар Султанов 66 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Абдыкапар Султанов 1958-жылы 7-октябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бирдик айылында төрөлгөн.

1983-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.

1983-1990-жылдары «Көк-Жаңгак» шахтасында электрослесарь, механик, тоо-кен адиси, ачык казып алуу участогунун башчысынын орун басары жана участок башчысы катары эмгектенген. 1990-1992-жылдары аталган шахтанын жер алдындагы участогунун башчысынын орун басары, андан соң башчысы болуп иштеген. 1992-1998-жылдар аралыгында «Көк-Жаңгак» шахтасында өндүрүш боюнча директордун орун басары, башкы инженер жана директор кызматтарын аркалаган.

1998-2015-жылдары «Тегене» ЖЧКсынын директору болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан