Бишкекте 13-июнда мамлекеттик номуру жок унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күнү саат 16:30 чамасында кайгуул кызматкерлери мамлекеттик номуру жок Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны кызмат учурунда байкап калышкан.
Кызматкерлер унааны токтоткондо айдоочу тоготпой, белгисиз тарапка айдап кеткен. Андан соң айдоочу токтоп, бирок унаанын эшигин бекитип алган.
Натыйжада кызматкерлер айдоочуну унаадан түшүрүшкөн. Учурда унаа айып короого киргизилип, айдоочуга тийиштүү чаралар көрүлүүдө.