Бүгүн, 14-июнда Израил Иранга кайрадан чабуул жасап, өлкөнүн батышындагы Хамадан шаарына сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Чабуулдун кесепеттери боюнча маалыматтар азырынча бериле элек. Бул провинцияда жайгашкан "Ножех" иран аскердик базасы буга чейин да 13-июнь күнү Израилдин соккуларына кабылган.
Белгилей кетсек, Израил кечээ, 13-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине сокку урган. Чабуулдар өзөктүк куралдарды иштеп чыгууга байланыштуу объекттерге жана жогорку даражадагы аскер кызматкерлери жайгашкан жерлерге багытталган.
Ошол эле күнү кечинде Иран Израилге ракеталык соккуларды жасады. Тегеран Израилдин аскердик инфратүзүмүнө, анын ичинде аба базаларына жана башка стратегиялык объекттерге ири соккулар болот деп убада берди.
Бүгүн Израил Иранга кайрадан сокку урду. Сокку Тегеранда жайгашкан Мехрабад аэропортунун районуна туш келген. AFP агенттиги өз кабарчысына таянып, бул аймакта от жалындары жана коюу түтүн көрүнгөнүн билдирди. Reuters агенттиги бул аэропортто Иран аба күчтөрүнүн базасы, истребителдер жана жүк ташуучу аскердик учактар жайгашканын жазды.
Бүгүн Израилдин армиясы кыскача билдирүү таратып, Ирандагы бута объекттерине сокку уруу иштерин улантып жатканын маалымдады.
Ошол эле учурда Ирандын мамлекеттик басылмалары Израилге таандык дрондор Ирандын түндүк-батышындагы Салмас чек арасына жакын аймакта атып түшүрүлгөнүн кабарлашты.