Эл аралык көргөзмөгө катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо башталды

Эл аралык кол өнөрчүлүк биенналесине катышуу үчүн чыгармачылык иштерди тандоо жараяны башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
"Министрликтин жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен 4-сентябрдан 4-ноябрга чейин Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында өтө турган Cheongju Craft Biennale көргөзмөсүнө катышуу үчүн кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн арасында чыгармачылык иштерди тандоо жараянын башталды", - деп айтылат маалыматта.
Тандоо критерийлери жана талаптар:
- Концептуалдуу чыгармачылык иш (ала кийиз, шырдак, панно, кийим, интерьер буюмдары жана башка);
- Кийиз же жүн материалдарын колдонуу;
- Табигый түстөр же боёктор колдонулган болуусу;
- Чыгарманын сапаттуу сүрөтү;
- Атайын түшүндүрмө (аннотация);
- Өлчөмү жана салмагы көрсөтүлүшү шарт.
Ал эми иштерди тапшыруу бүгүндөн башталып, 25-июнга чейин уланат.
Өтүнмөлөр жана материалдар үчүн почта: crafts.council.kg@gmail.com
Байланыш үчүн телефон:
Миррахим Опош +996771458549 (WhatsApp, Telegram)
Нурзат Жээнбек +996555542525 (Telegram)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан