Израил-Иран соккулары: Акыркы маалыматтар

Бүгүн, 15-июнга караган түнү да Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуу уланды.

Ирандын Кереж шаарында түндө күчтүү жарылуу болду. Маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, шаар бомбаланып, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун лагерлерине сокку урулган. Ирандын эки командири набыт болгондугу айтыды.

Израилдин ракеталары бир нече үйдү дээрлик толугу менен талкалап, урандылардын астында адамдар болушу мүмкүн экенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Иран Израилге каршы жаңы ракеталык толкунун учурду. Тель-Авивде сиреналар өчүп, Иерусалимдин үстүнөн ракеталар байкалды. Эки шаарда тең жардыруулар угулду.

Үчүнчү толкун Нетаниядан Ашдодго чейин өлкөнүн бүтүндөй борборуна, ошондой эле Ашаронго, Шфелага, Иудеяга жана Самарияга тийди.

Израилдин Бат-Ям шаарында Ирандын ракеталык соккусунан турак жай жабыркап, урап калуу коркунучунда турганын Times of Israel гезити куткаруучуларга таянып жазды.

Аталган аймакка болгон соккудан жалпы 35 жаран дайынсыз болуп жаткандыгы айтылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны төртөө экендиги белгиленди.

"Иран Израилдин ирандык ядролук илимпоздорду өлтүргөндүгү үчүн өч алуу максатында Израилдин Тель-Авивдин түштүк-чыгышындагы Реховот шаарындагы Хаима Вейцман атындагы илимий институтуна сокку урду"- деп билдирди Fars агенттиги.

Мекеме Израилдеги эң маанилүү илимий борборлордун бири болуп эсептелет.

Бул арада Израиль Тегерандын түндүгүндөгү Шахран мунай кампасынына чабуул жасады. Учурда эки же үч цистернасы күйүп кетти жана өрт өчүрүүчүлөр каптаган тилсиз жоону чектөөгө алып жатышат. Бул тууралуу Mehr агенттигине Ирандын баш калаасынын өрткө каршы кызматынын өкүлү Жалал Малеки билдирди.

Бүгүн, 15-июнга караган түнү Ирандын Мунай министрлигине караштуу Shana маалымат агенттиги Израилдин соккусунан Тегерандын түндүгүндөгү Шахран мунай базасы жана Ирандын баш калаасынын түштүгүндөгү күйүүчү май кампалары жабыркаганын жана кырдаал көзөмөлдө экенин кабарланды.

Түнкү болгон кол салуулардан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп үн катып, Американын бул чабуулдарга тиешеси жок экендигин билдирди. Жана да АКШга Иран тараптан чабуул болсо, аларга карата жооп ырайымсыз жооп боло тургандыгын эскертип, коркутту.

Буга чейин Иран Американы коркутууга алгандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан