Бүгүн, 16-июнга караган түнү Израилдин Коргонуу армиясы Иран тараптан ракеталык чабуул болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Израилдин аба мейкиндигин коргоо системи соккуларды жок кылуу боюнча иш алып барууда. Израил бийлиги жарандарына коопсуз жайларга жашынып турууну сунуштады.
Ошондой эле Израилдин Хайфа шаарындагы электр станциясында жарылуудан кийин өрт чыкты. Ал жерге Ирандын ракетаcы тийген болушу мүмкүн деп айтылууда.
Дагы бир ракета Тель-Авивдеги көп кабаттуу имаратка тийген. Учурда жабыркаган тууралуу маалыматтар бериле элек.