Кыргызстандын жаштар курамасы (U-20) Тажикстанда өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпиондугунун финалына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.
Кыргызстан U-20 курамасы "А" тайпасында ойноп, Ооганстанды 3:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Муну менен кыргызстандык спортчулар тайпада 1-орунду ээлеп, финалга жолдомо алышты.
Эми машыктыруучу Нурбек Жолдошевдин командасы эртең, 17-июнда Ирандын курама командасы менен финалда беттешет.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаштар курамасы (U-20) CAFA турниринин финалына экинчи жолу катарынан чыгып жатышат. Былтыр Жалал-Абадда өткөн чемпиондукта да кыргызстандыктар финалга чыгышкан. Анда Иран менен беттешип, 0:3 эсебинде утулуп калышкан.