Арасында кыргызстандыктар бар... Түркмөнстан Ирандан барган жарандарга жардам көрсөтүүдө

Түркмөнстан Ирандан барган чет элдик жарандарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Түркмөнстанга Ирандан 120 адам барган. Алардын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Румыния жана башка мамлекеттердин жарандары бар. Алар Түркмөнстанга чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өтүшкөн.

"Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Түркмөнстан чет элдик дипломаттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Иран аймагында жүргөн башка жарандарга жардам көрсөтүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Түркмөнстан тарабынан аларга автотранспорт, тамак-аш, мейманкана, алгачкы муктаждыктагы каражаттар берилген.

Бул боюнча азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан