Кечээ, 15-июнда Бишкек шаарынын Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында III Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий жабылуу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азем мэриянын камералык оркестринин концерти менен ачылды. Андан кийин экрандан фестивалдын расмий интросу жана бир нече күнгө созулган иш-чаранын жүрүшүн чагылдырган видео-ролик көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө үч сынактын - эл аралык, Борбор Азия жана KyrgyzBox багытындагы тасмалардын жеңүүчүлөрүнүн ысымы аталып, байгелер тапшырылды.
Калыстар тобу тасмаларды режиссёрлук, актёрдук чеберчилик, көркөмдүк жана визуалдык дизайн сыяктуу критерийлер боюнча баалашты. Эл аралык сынактын мыкты тасмасына сыйлыкты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тапшырды.
Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү:
KyrgyzBox сынагынын жеңүүчүлөрү:
Борбор Азия сынагынын жеңүүчүлөрү: