Хамза Москвадан дарыланып, 3-6 айдан кийин Дубайдан укол алат 

СМА оорусу менен күрөшүп жаткан кичинекей Хамза Дубай шаарынан золгенсма уколун ала алган жок. Ал Москва шаарына дарылануусун улантууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда SUPER.KG порталына анын атасы Руслан Рахманов билдирди.

Маалыматка ылайык, анализдерди тапшырганда баланын антителасы жогору чыгып калган, буга байланыштуу укол сайылган эмес. Золгенсма уколун алуу үчүн антителаны нормага келтирүү керек.

"Ал 3 же 6 айда алмашып турат. Дубайда жашоо кымбаттыгына байланыштуу Москвадан реабилитация өтүп антитела түшкөн соң , кайрадан Дубайга барып уколду алабыз",- деди атасы.

Эске салсак, кыргыз эли Хамза, Аслан, Байхан аттуу балдарга 170 миллион сомдон акча топтогон. Аслан уколун алган, ал эми Байхандын дагы антителасы жогору чыккан. Ал дагы Москвадан реабилитация өтүп, кайра Дубайдан золгенсма уколун алмакчы.

Руслан Рахманов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан