Месси ойногон клубдун тең кожоюну Бекхэм рыцарь наамын алды

Англия курама командасынын мурдагы футболчусу Дэвид Бекхэм рыцарь наамын алды. Падыша Карл IIIнүн расмий туулган күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды алгандардын тизмеси Улуу Британиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Анда 50 жаштагы Бекхэм наамды футболчу катары жетишкендиктери жана кайрымдуулук иштери үчүн алганы белгиленет.

Бекхэм карьерасын 2013-жылы аяктаган. Ал "Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид", ПСЖ, "Милан" жана "Лос-Анжелес Гэлакси" сыяктуу клубдарда ойногон. Учурда Бекхэм Лионель Месси ойногон америкалык "Интер Майами" клубунун тең кожоюну.

2003-жылы Англия курама командасында 115 беттеш өткөрүп, алты жыл анын капитаны болгон Бекхэм футболго кошкон салымы үчүн Британ империясынын ордени менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан