Иран менен Израил тынчтык келишимине келишеби? Трамптын жообу

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин келишимге келип, куралдуу жаңжалдарды токтото турганына ишенерин билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 15-июнда журналисттер менен сүйлөшүү учурунда билдирди.

"Мен келишим болоруна ишенем. Азыр келишимге келчү учур келди деп ойлойм. Кээде башында күрөшүү керек болот, бирок эмне болорун алдыда көрөбүз",- деди ал.

Трамп АКШ Израилдин коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн колдой турганын билдирди.

Кечээ Трамп Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө: "Иран менен Израил Индия менен Пакистан сыяктуу келишимге келиши керек",- деп жазды. Андан соң АКШ президенти буга чейин президенттик биринчи мөөнөтүндө Сербия менен Косово ортосундагы жаңжалды согушка айлантпай токтотконун, Египет менен Эфиопиянын тынчтыгына да салым кошконун белгиледи.

"Дал ушундай жол менен жакында Израил менен Иран ортосунда да тынчтыкка жетебиз. Азыр көптөгөн телефондук сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар өтүп жатат. Мен көп иштерди жасап жатам, бирок муну эч ким баалабайт. Бул маанилүү эмес, эл түшүнүп турат",- деп жазды ал.

15-июнда ABC News телеканалына берген маегинде Дональд Трамп Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалга катышуусу мүмкүн экенин, бирок азырынча катышпай турганынын айтты.

Ошол эле күнү айрым ЖМКлар Трамп Израил тарабынан Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейини өлтүрүү боюнча операция планын токтотконун жарыялашты.

Бирок Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул маалыматтын жалган экенин айтып, мындай сүйлөшүү эч качан болбогонун билдирди. Буга чейин израилдик The Jerusalem Post гезити АКШ Иранга каршы чабуулга кошула турганын жазган. Азырынча Америка тарап бул боюнча расмий билдирүү бере элек.

14-июнда Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда эки өлкө Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулашкан.

"Путин Иран тууралуу сүйлөшүүнү каалады, ал бул өлкөнү абдан жакшы билет. Биз узак сүйлөштүк",- деп билдирди Трамп.

Ошондой эле АКШ лидери Украина темасы боюнча да сүйлөшүү болгонун айтып, бул тема боюнча кийинки жума да сөз боло турганын кошумчалаган.

"Путин да мен сыяктуу эле Израил менен Ирандын ортосундагы согуш токтошу керек деп эсептейт. Мен ага анын Украинадагы согушу да аякташы керек экенин түшүндүрдүм",- деп жыйынтыктаган Трамп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан