Нигериянын Йелевата айылында болгон куралдуу кол салуунун кесепетинен кеминде 100 адам набыт болду. Бул тууралуу Amnesty International Nigeria уюму маалымдады.
Маалыматка ылайык, кол салуу 14-июнга караган түнү болгон. Бул трагедия Нигерия өкмөтүнүн Бенуэ штатында көрүп жаткан коопсуздук чаралары тийиштүү деңгээлде иштебей жатканын көрсөтөт. Курман болгондордун көбү жергиликтүү дыйкандар.
"Көптөгөн адамдар дагы эле дайынсыз жоголууда. Ондогон адамдар жаракат алып, тиешелүү медициналык жардамсыз калып жатышат. Айрым үй-бүлөлөр уктоочу бөлмөлөрүндө камалып, тирүүлөй өрттөлгөн. Көптөгөн сөөктөр таанылгыс болуп күйүп кеткен",- деп жазылган маалыматта.
Уюм коопсуздук күчтөрүнүн жетишсиз аракеттери калктын коопсуздугуна жана жашоосуна чоң коркунуч жаратып жатканын баса белгилеп, бийликти ыкчам жана натыйжалуу чара көрүүгө чакырды.