Тышкы иштер министрлигине АКШ элчилигинин консулу чакырылат. Бул тууралуу кечээ, 15-июнда аталган министрликтен билдиришти.
"Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттарында коопсуздукту камсыз кылууга жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн тартипке келтирүүгө багытталган миграциялык мыйзамдарды кайра карап чыгуу процесси уланууда. Учурда Кыргызстандын жарандарына карата кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча АКШ тараптан расмий маалымат түшө элек. Тизме кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргызстан үчүн түшүнүксүз болуп калууда",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин АКШ тарабынан бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына карата өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү киргизүү тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Анда жалпы 35 мамлекет айтылып, анын ичинен 25и африкалык өлкө, ошондой эле Кариб деңизинин, Борбордук Азиянын жана Тынч океан аймагынын айрым мамлекеттери кирген.
Маалыматта бул өлкөлөр бир катар талаптарга жооп бербей турганы белгиленет. Айрым мамлекеттерде ишенимдүү документтерди бере турган ыйгарым укуктуу органдар жок же документ жасалмалоо фактылары көп кездешет. Ошондой эле бул өлкөлөрдүн жарандары АКШда жүрүү мөөнөтүн көп учурда бузушат.