Кечээ, 15-июнда Ысык-Көл облусунун Семеновка айылында кызды күч менен унаага салып алып кетүүгө аракет кылган эки жигит милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 10:40 чамасында Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар тарабынан Мереседес унаасына кызды күч менен салып, белгисиз тарапка алып кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Маалымат алынары менен облустун аймагында ыкчам издөө иш-чаралары башталган. Түп райондук патрулдук милиция бөлүмүнүн жана жаз мезгилинде Ысык-Көлгө кошумча тартылган Ош ШИИБинин ыкчам кызматкерлеринин аракети менен шектүүлөр кармалышты.
Мерседес үлгүсүндөгү унаа Түп аймагынан токтотулган. Анын ичинен айдоочу, Ак-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну Б.К. жана Түп районунун 1998-жылы туулган тургуну Ш.Б. болгон. Салондо отурган кызды алар алдын ала маалыматтар боюнча өз эркине каршы алып бара жатышкан.
Учурда кыз жана эки шектүү Түп РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилди, тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө.