Иран армиясы чабуулдар Израил толук жоюлганга чейин улана турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Ирандын куралдуу күчтөрүнүн маалымат кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Билдирүүдө Израилге багытталган учурдагы жана кийинки операциялар мурдагыга караганда күчтүү, катуу, так жана талкалоочу күчкө ээ боло турганы айтылат.
"Бул кылмыштуу режимди колдогондор билиши керек. Бул режим толук жоюлганга чейин талкалоочу операциялар улантылат",- деп айтылат маалыматта.
Израил 13-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине сокку урган. Чабуулдар өзөктүк куралдарды иштеп чыгууга байланыштуу объекттерге жана жогорку даражадагы аскер кызматкерлери жайгашкан жерлерге багытталганы айтылган.
Ошол эле күнү кечинде Иран жооп кылып Израилге ракеталык соккуларды жасаган.
Ирандын саламаттыкты сактоо министри Хосейн Керманпур билдиргендей, чабуул башталгандан бери Ирандан жалпы 224 адам каза болду, анын 70тен ашыгы аялдар менен балдар.