Тышкы иштер министрлиги Иран жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иш-чараларды уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аталган мекемеден билдиришти.
Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 28 жараны Иран менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын кургак тилкесинин "Астара" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ийгиликтүү өтүштү.
Министрлик эвакуацияланган жарандардын коопсуз транзитин камсыз кылган ар тараптуу көмөк, жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирди.
Учурда Азербайжандан эвакуацияланган жарандардын жакынкы күндөрү Кыргызстанга келиши үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.