Бүгүн, 16-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы "Тазалык", "Сууканал", "Жашылдандыруу" мекемелерине, Жол башкармалыгына, Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине жалпы 19 автоунаа тапшырды.
Алардын экөөсү жергиликтүү бюджеттин акчасына алынса, калган 17си Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу сатып алынган.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык мекемелерине Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу жалпы 32 даана атайын техника сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүн алардын 17си келди. Алдыда дагы 15 атайын техника берилери күтүлүүдө.