Кытайдын Хэнань провинциясынын Шаньчжоу шаарындагы фейерверк заводунда күчтүү жарылуу болду.
Global Times басылмасынын маалыматына караганда, кеминде 9 адам жаракат алып, 2 киши дайынсыз болууда. Жабыркагандардын саны өсүшү мүмкүн.
Жарылуунун себептери азырынча белгисиз.