Бүгүн, 16-июнда Иранда Израилге тыңчылык кылууга шектелген жаран өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, өлүм жазасына тартылган адамдын аты-жөнү Исмаил Фикри. Ал "Моссад" деп аталган Израилдин тыңчылык кызматына маалымат бергени айтылууда.
Фикриге "Моссаддын" агенттери менен байланышта болгону тууралуу айып тагылып, 2024-жылдын декабрь айында камакка алынган. Бүгүн эртең менен анын өлүм жазасына тартылганы кабарланды.
Мурдагы аптада Иранда "Израилге тыңчылык кылды" деп айыпталган дагы эки киши өлүм жазасына тартылган болчу.