Кыргызстандыктардын финансылык көндүмдөрү тездик менен өзгөрүүдө. Барган сайын көпчүлүгү банк кеңсесине барбай эле, акчаларын мобилдик телефондун жардамы менен башкарып, депозиттерин онлайн түрдө ачышууда. Мындай ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдүн бири — Компаньон Банкынын онлайн-депозити, аны бир нече мүнөттө, банкка барбастан эле ачууга болот.
«Санариптештирүү — бул жөн гана тренд эмес, азыркы жашоонун бир бөлүгү. Биз эң алыскы аймактардагы адамдар да акчасын коопсуз жана ыңгайлуу башкарып , депозиттен жылына 14 пайызга чейин киреше табышын каалайбыз», — деп билдирет Компаньон банктан.
Онлайн-депозит кантип иштейт?
Баары өтө жөнөкөй: "Компаньон" мобилдик тиркемеси аркылуу бир нече баскыч менен тез депозитти ачууга болот. Банкка баруунун же документтерди толтуруунун кереги жок.
Жөн гана:
-
"Компаньон" тиркемесин жүктөп алыңыз (https://www.kompanion.kg/ru/mobile_app/),
-
Идентификациядан өтүңүз,
-
«Депозиттер» бөлүмүн тандаңыз → «Депозит ачуу» → «Мөөнөттүү».
Ошентип, депозитти ачуу бир нече мүнөттү гана алат.
Депозиттин шарттары:
-
Мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин
-
Сом менен: жылдык 14 пайызга чейин
-
Доллар менен: жылдык 3 пайызга чейин
-
Минималдуу сумма: 1 000 сомдон баштап
-
Сомдогу эффективдүү пайыздык чен – 14,97 пайызга чейин
-
Доллардагы эффективдүү пайыздык чен – 3,04 пайызга чейин
Эмне үчүн ыңгайлуу?
-
Бардык процесстер — телефонуңузда: депозит ачуу, көзөмөлдөө жана кирешени текшерүү.
-
Убакыт үнөмдөлөт: жумуштан суранып чыгуунун, кезек күтүүнүн, жолго убакыт коротуунун кереги жок.
-
Коопсуздук: Компаньон Банкынын депозиттери мамлекет тарабынан камсыздандырылган. Күтүлбөгөн жагдайлар болсо дагы, каражатыңыз корголот.
Кененирээк маалымат: https://www.kompanion.kg/ru/retail/deposit/onlayn-depozit-srochnyy-v-mobilnom-prilozhenii-kompanon/
Биз дайыма байланыштабыз:
- 88 00 (чалуулар бекер)
-
WhatsApp: +996 770 33 88 00