Чек арадагы “Эркечтам” бекети күнү-түнү иштей баштады (видео)

Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү пунктунда жүктөрдү каттоо толук режимде иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, “Эркечтам” ушул жылдын 1-июнунан тартып 24 саат бою, дем алышсыз иштөөдө.
"Бул долбоор логистиканы тездетүүгө жана жүк агымын көбөйтүүгө багытталган. Биз муну Кытай тарапка көптөн бери сунуштап келгенбиз. Негизинен 1-июнга карата алынган маалымат боюнча, өткөрмө пунктан 105 миңден ашуун жаран, 98 миңден ашуун тарнспорт каражаты өткөн. Бул былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 80 пайызга көп. Пилоттук режимдин иштеши агымды дагы көбөйтөт. Күнү-түнү иштеп, сапаттуу кызмат көрсөтүшүбүз керек",- деди Касымалиев.
16.06.11
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан