Борбордук Азияда биринчилерден болуп... Казакстан 10G интернетин ишке киргизет

Казакстандын борбору Астана шаарында 10G боюнча пилоттук долбоор башталат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, Астана акимчилиги менен Huawei Technologies Kazakhstan компаниясы 50G PON технологиясын колдогон жаңы интернет, башкача айтканда 10G боюнча пилоттук долбоорду баштоо тууралуу келишимге келишти.

Келишимге "Кытай – Борбордук Азия" форумунун алкагында кол коюлган.

10G интернет - бул 4G же 5G сыяктуу мобилдик байланыш эмес, бул зым аркылуу берилүүчү жогорку ылдамдыктагы интернет. Анын ылдамдыгы секундуна 10 гигабитке чейин жетет.

Мындай интернет үйгө жана кеңселерге ылайыктуу, туруктуулугу жогору жана тынымсыз иштейт.

Азыркы тапта бул технология дүйнө жүзү боюнча жаңыдан киргизиле баштады. 10G пилоттук долбоорлору АКШда, Кытайда, Японияда, Түштүк Кореяда, Улуу Британияда, Францияда жана Германияда иштеп жатат.

Казакстан Борбордук Азиядагы алгачкылардан болуп бул багытта аракет көрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан